• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жумабеков өлкөдөгү коомчулукту нааразы кылган көрүнүштөргө токтолду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков “Ала-Арча-1” Мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты. Кеңеш мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндөгү” маселелерди талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында кызматына жана статусуна карабай паракорлор менен күрөшө тургандыгын билдирип, укугу бузулган жарандарга жардам берерин убада кылды.

Ал эми Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков өлкөдөгү коомчулукту нааразы кылган көрүнүштөргө токтолуп: “Бүгүнкү күндө түзүлгөн криминалдык кырдаал, өлкөдөгү кылмыштуулуктун туруктуу деңгээли, укук коргоо органдарындагы кадрдык башаламандыктар, айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коомчулукта, жалпыга маалымдоо каражаттарында чоӊ талкуу жараткан мыйзамсыз аракеттери, ар кандай деструктивдүү күчтөр менен байланышкан фактылары укук коргоо, сот органдарынын тутумун реформалоо өз максатына али да жетпей жаткандыгын айгинелейт", – деди.

Пикир

Оставить комментарий