• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Митингчилер Атамбаевди УКМКдан алып чыгышты - видео

Коом 0


Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан митингчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКдан алып чыгышты. Анын бошотулгандыгы тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.

Дүйшөмдү эртең менен парламентке өтпөй калган партиянын тарапташтары Бишкектин борборунда митингге чыгышкан. Акциянын катышуучулары шайлоонун жыйынтыгын жокко чагырууну талап кылышкан. Парламенттик шайлоого ат салышкан 16 партиянын төртөө гана өткөн.

ИИМден кабарлашкандай, митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таратууга туура келген. ""Митингдин катышуучулары жана анын уюштуруучулары коомдук тартипти бузуп, Чүй проспектисиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары агрессивдүү түрдө Чүй проспектиси аркылуу кыймылды баштап, Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазасын сындырууга аракет кылышты".

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, саат 24:00гө карата митингди таратуу маалында жараат алган 122 адам ооруканага жаткырылган.

Түнкү саат 3төн кийин митингчилер Ак үйгө кирип, кийин УКМКга барышкан.

Пикир

Оставить комментарий