• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ММКФ медициналык каражаттарды каржылоого 5 млрд сомдон ашык каражат жумшаган

Коом 0

Бишкек, 16.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медициналык каражаттарды каржылоого 5 млрд сомдон ашык каражат жумшаган. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков брифингде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 16-июнуна карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине жалпы 7 млрд 43,7 млн сом акча келип түшкөн. Анын ичинен республикалык бюджеттен 5 млрд 758,9 млн сом жана Социалдык фондунан 1 млрд 284,8 млн сом түшкөн.

“Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду келип түшкөн акча каражаттардан саламаттык сактоо тармагына медициналык каражаттарды каржылоого 5 млрд 415,1 млн сомду жумшады. Анын 4 млрд 82,8 млн сому медкызматкерлердин эмгек акысына, 822,9 млн сому дары-дармектерди сатып алууга, 475 млн сому жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга, тамак-ашка 164,5 млн сом, коммуналдык кызматтын акыларын төлөөгө 295,2 млн сом, транспорттук чыгымдарга 28,8 млн сом жумшалды”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий