• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрия: Бишкекте дагы бир күндүзгү стационар ачылды

Коом 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Бишкекте дагы бир күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, буга чейин борбор калаа боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын жеңил жана оор формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 12 күндүзгү стационар иштеп келген.

"Бишкек шаардык кеңешинин колдоосу менен Жал кичи районундагы №95 мектептин базасында күндүзгү стационар ачылды. Мында 37 орун даярдалган. Кара-Жыгач конушундагы "Салтанат" ресторанын да стационар катары ачууга даярдыктар көрүлүүдө, бул жерде 50 орун болот", - деп кабарлашты мэриядан.

Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган күндүзгү жана түнкү стационарлар таңкы саат 8:00дөн 20:00гө чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

16-июлга карата күндүзгү стационарларга 35 миң 930 жаран кайрылган, анын ичинен 26 миң 569на ийне жана капельница сайылган, 9 миң 147сине кеп-кеңеш берилген. Тогуз адам каза болгон.

Шаар боюнча ачылган 13 күндүзгү стационарда 908 орундук даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий