• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте экинчи жаңы скважинаны бургулоо аяктады

Коом 0

Бишкек, 05.09.23./Кабар/. Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишиндеги экинчи жаңы скважинаны бургулоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, скважинанын тереңдиги 190 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, ошону менен секундасына 17 литрди түзөт.

Белгиленгендей, ошондой эле Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде скважиналарды бургулоо пландалууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвская көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина казылган. Жалпысынан алты скважинанын бургулоо пландалган.

Пикир

Оставить комментарий