• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматынын командасы кичи-футбол боюнча эл аралык турнирде жеӊишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 05.09.23./Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын курама командасы бажы кызматтарынын командалар арасында кичи-футбол боюнча XV эл аралык турнирде жеңишке жетти.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, турнир 26-августтан 3-сентябрга чейин Беларустун Брест шаарында өттү. Жалпысынан Кыргызстан, Беларусь жана Россиядан төрт команда ойноду. Жеңүүчүлөр эки этапта аныкталды: биринчи - айлампалуу оюндар, экинчи - финал.

Турнирдин коло байгесин РУП "Белтаможсервис" командасы менен ойноп, Россиянын Бажы кызматынын командасы жеңип алды.

Финалдык оюнда КР Мамлекеттик бажы кызматынын командасы Беларустун Мамлекеттик бажы комитетинин командасын 6:2 эсебинде утуп, эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Салтанаттуу жабылыш аземинде турнирдин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине кубок жана медалдар тапшырылды. Иш-чара жыл сайын өткөрүлүүчү болуп саналат жана бажы кызматтарынын ортосундагы достук байланышты чыңдоо максатында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий