• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кант шаарында курал жана баңгизат алып жүргөн 40 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Кант шаарында курал жана баңгизат алып жүргөн 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга азиат улутундагы адамдар Чүй облусунун аймагында баңгизат ташып жүрөт деген ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен иш козголуп, милиция кызматкерлери бир нече ай бою баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана башка кылмыштарды жасоо фактыларын аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп келишкен.

Ошентип, 1-сентябрда Кант шаарынын Гагарина жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү адамды кармоо учурунда шектүү жаран өзүнө тийешелүү болгон "Лексус-470" үлгүсүндөгү автоунаасы менен милиция кызматкерлеринин автоунааларын сүзүп качып кетүүгө аракет жасаган. Бирок ага карабастан мурда сот жообуна бир нече жолу тартылган, криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышы бар Ысык-Ата районунун тургуну 1983-жылы туулган А. уулу М. кармалды.

Аталган "Лексус-470" үлгүсүндөгү унаасынын ичин кароодо, чөнтөкчөнүн ичинен ТТ үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана гашиш баңгизаты табылган.

Алынган далил буюмдар жана баңгизат экспертизага жөнөтүлүп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий