• 88.68
  • 95
  • 0.95

Массалык баш аламандыкка чакырган кыргызстандык Москвада кармалды – ИИМ

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Социалдык тармактар аркылуу массалык баш аламандыкка чакырган, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгилүү бир соцтармактын колдонуучусу коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган видеоматериалдарды таратып жатканы аныкталган. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө аталган социалдык тармактардын колдонуучусу М.Б. болуп чыккан.

Видеоматериалдардын негизингде тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында бул материалдарда массалык баш аламандыкка, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту бузуучу чакырыктар камтылганы аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин "Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

2023-жылдын декабрь айында жогорудагы 1980-жылы туулган Б.К. аттуу жаран, чет өлкөдө жашынып жүрүп, мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Алынган маалыматтар боюнча, Б.К. 2020-жылдын февралында чет өлкөгө чыгып, Россиянын аймагында жүргөн. Ошондой эле алимент төлөөдөн кыянаттык менен качкандыгы үчүн Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөндүгү тууралуу да далилдер бар.

2023-жылдын февраль айында кийинки ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросу менен биргеликте, ошондой эле ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жана РФ аймактык укук коргоо органдары тарабынан жогоруда аталган жарандын жүргөн жери аныкталган — ал Москва облусунун аймагында жашырынып жүргөн.

Учурда Бишкек шаарына жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий