• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жасалма күбөлүгүн алып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери катары тааныштырып, жасалма документ менен жүргөн 24 жаштагы И.Д. уулу аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жаран Бишкек Жылуулук электр борборунун кампасында турган темир түтүктөрдү чыгарып кетүүгө аракет кылган.

Учурда шектүү Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Ал жарандан алынган жасалма күбөлүк 2019-жылдын 20-февралында 39 жаштагы М.Н. аттуу жарандан алынган күбөлүк менен окшош чыкты (Аты-жөнү, кызматы, мөөрү, жетекчинин колу ж.б.). Эскерте кетсек, М.Н. өзүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери деп тааныштырып, Жолдор жана транспорт министрлигинин Талас облусундагы бир мекемесинде текшерүү жүргүзүүгө ниеттенген", - деп айтылат маалыматта.

УКМК аталган жарандардан жабыркагандар жана негизсиз текшерүү жүргүзгөн шектүү адамдар боюнча (0312) 66-04-75 номерине же аймактык номерлерге кайрылууну суранат:

- Чүй облусу (0312) 54-07 19;

- Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

- Ош облусу: (03222) 2-30-78;

- Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;

- Талас облусу: (03422) 5-20-43;

- Нарын облусу: (03522) 5-08-49;

- Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

Пикир

Оставить комментарий