• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Жогорку соттун пленуму болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Бишкекте Жогорку соттун пленуму болуп өттү.

Соттон билдиришкендей, отурумга Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Жогорку соттун судьялары жана жергиликтүү соттун судьялары катышты. Ошондой эле пленумга юашкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов, юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчилери катышты.

Күн тартиби боюнча Жогорку соттун соттук коллегияларынын төрагаларынын 2023-жылдагы соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалыматтары угулду, андан кийин Жогорку соттун судьялары соттук коллегиялардын иши жөнүндө Жогорку cоттун пленумунун токтомдорун кабыл алуу үчүн добуш беришти.

Отурумда Жогорку соттун төрагаларынын орун басарлары Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришти.

Жогорку соттун төрагасынын кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясынын орун басары Нурлан Мусаев 2023-жылы соттук коллегиянын бир судьясына орто эсеп менен бир айда болгон иш жүктөм жалпысынан 19 ишти түзгөндүгүн билдирди.

Жогорку соттун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы тарабынан өткөн жылы жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары боюнча кассациялык тартипте 1398 адамга карата 1069 кылмыш иши каралган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 21,9% көптүк кылат, анткени 2022-жылы 835 кылмыш иш болгон.

Ал эми административдик иштер боюнча соттук коллегиянын 2023-жылдагы аткарган иштери жөнүндө маалыматты төраганын орун басары Нургүл Бакирова берди.

“2023-жылы административдик соттор тарабынан жалпысынан 5570 (100%) административдик иш жана соттук материалдар каралган, алардын ичинен 38,1% (2109 иш) апелляциялык тартипте даттанылып, кассациялык тартипте 23,1% (1275 иш) даттанылган. Бул көрсөткүч соттордун көпчүлүк соттук актылары менен тараптардын макул болгондугун далилдейт”, - деп билдирди Нургүл Бакирова.

Жогорку соттун төрагасынын Жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков өз баяндамасында 2023-жылы кассация тартибинде 2022-жылга салыштырмалуу 33,2% көбүрөөк, тагыраак айтканда 2780 жарандык иш каралгандыгын маалымдады.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу 33% азыраак соттук материал каралса, 2022-жылга салыштырмалуу 15,1% көбүрөөк экономикалык иштер каралган. Соттук коллегиянын бир судьясына орточо жүктөмү айына 20 ишти түзгөндүгү маалым болду.

Өз кезегинде Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков мамлекетибиздин үч бийлигинин бир бутагы болгон сот бийлигине элдин, коомчулуктун ишенимин арттыруу максатында сот реформасы боюнча аракеттер мамлекеттик деңгээлде жүрүп жаткандыгын айтты. Бул өтө жоопкерчиликтүү, оор жана кылдаттыкты талап кылган чоң милдет.

“Албетте, иш болгон жерде кемчиликтер да болбой койбойт. Негиздүү сын пикирлерди туура баалап, кабыл алуу менен кемчиликтерди жоюунун аракетин кучөтүү судьялардын - сот тутумунун негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Ачык айтышыбыз керек азыркы учурда коомчулуктагы бир тарабыбыз “негиздүү айтылган сын пикирлерди баалаганды билбей жатсак, экинчи тарап сындаганды дагы билбей тургандыгыбызды” мойнубузга алышыбыз керек.

Ошондуктан, айрым бир соттордун мыйзамсыз чечимдери боюнча коомчулукта туура эмес пикирлерди жарыялап, миңдеген сот актыларын “мыйзамсыз, адилетсиз чечим”-деп баалаштын өзү адилетсиздик деп ойлойм. Анткени, статистикалык маалыматтарга караганда 2023-жылы республика боюнча биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жазык, жарандык-экономикалык, административдик жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча жалпы 132 703 соттук иштер жана 65 835 соттук материалдар каралган. Так айтканда, каралып бүткөн соттук иштердин саны 2022-жылга салыштырмалуу 9 % га көбөйгөн (2022-жылы 120 650), ал эми соттук материалдардын саны 13, 48 % көбөйгөн (2022-жылы 56 956).

Алардын ичинен 12 024 соттук иштер же 9 % жана 6 201 соттук материалдар же 9, 42 % гана апелляциялык инстанциядагы сотторго даттанылган. Так айтканда, соттук иштердин 91 %, ал эми соттук материалдардын 90, 58 % жогорку инстанциядагы сотторго даттанылган эмес”, - деди Замирбек Базарбеков.

Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы соттор тарабынан чыгарылган жеке аныктамаларга тийиштүү мекемелер тарабынан көп учурларда чаралар көрүлбөй, жооптор берилбей же болбосо кечиктирилип берилип, көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактыларына толук кандуу көңүл бурулбай жаткандыгын белгиледи.

“2023-жыл ичинде соттук иштерди кароонун алкагында мыйзам бузуу фактыларын четтетүү максатында тергөө органдарына карата, ишкана, мекемелер жана кызмат адамдардын дарегине жергиликтүү соттор тарабынан жалпы 655 жеке аныктамалар чыгарылып, алардын ичинен 541 боюнча жооп келип, 114 боюнча жооп берилбей калган.

Соттор тарабынан чыгарылган жеке аныктамалардын негизинде укук коргоо органдарына тийиштүү бир катар кызматкерлери, тергөөчүлөр жана башка мамлекеттик органдарындагы кызматтагы адамдар тартип жоопкерчилигине тартылышкан.

Жеке аныктама чыгаруунун негизги максаты – бул мыйзам бузуу фактыларын жоюу, келечекте андай фактыларга жол бербөө болуп саналат. Элибизде “Ооруну жашырсаң – өлүм ашкере кылат” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Мыйзам деген мыйзам, анын талабы бардыгыбызга бирдей. Соттук иштерди кароодо мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурларда эч жалтаңдабай, тайсалдабай, жаап жашырбастан кетирген кемчиликтерди көзгө сайып көргөзүп, мыйзам бузгандарды жоопко тартуу боюнча тийиштүү түрдө жеке аныктама чыгарууларды улантууну талап кылам”, - деп билдирди төрага.

Пикир

Оставить комментарий