• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Ошто бир килограммдан ашык баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Бир килограмдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан жеринен КР жараны кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Ош облусунун Кара-Суу районунда «З.М.М» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Кармалган адамдын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чараларын жүрүшүндө КР ЭФМ Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдорунун жардамы менен жалпы салмагы 1 кг ашык болгон кара куурай түрүндөгү (гашиш) баңгизаты табылып алынды.

Кармалган жаран УКМКнын Ош шаардык жана Ош областык башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий