Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-июлунда Москва шаарында Кыргызстан менен Армениянын Россиядагы элчилери Гүлнара-Клара Самат менен Вардан Суренович Тоганян жолугушту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган кыргыз-армян мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде туризм, ошондой эле соода-экономикалык маселелерди активдештирүү, биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 1-отурумун өткөрүү талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар мамлекеттердин чек ара аймактарындагы кырдаалдар боюнча маалымат алмашышты.
Тараптар келечекте кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоо үчүн ар кандай деңгээлдеги байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.
Пикир
Оставить комментарий