• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: Юридикалык жактарда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Коом 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактарда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калгандыгын эскертет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ошондой эле, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий