• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы депутат Садыр Жапаров 11,5 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 3-август /Мехриниса Сулайманов – Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Мындай чечимди 2-августта Биринчи май райондук соту чыгарган.

Жапаровго каршы төрт берененин негизинде кылмыш иши ачылган.

Сот аны “өлтүрөм деп коркутуу”, “бейбаштык”, жана “өкмөттүн өкүлүнө карата кысым көрсөтүү” беренелери боюнча актаган. Бирок, “барымтага алуу” боюнча күнөөлүү деп табылган.

Белгилей кетсек, 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарындагы митингде акциянын катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан болчу.

Жапаровдун жактоочулары 10 күндүн аралыгында Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылса болот.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын март айында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий