• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Финляндиянын президенттери жолукту. Талкууланган маселелер

Президент 0


Бишкек, 19.09.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттарында кыргыз-фин мамилелерин өнүктүрүүгө басым жасап, биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Финляндия тарапка "жашыл" энергетика тармагында кызматташууну жолго салууну да сунуштады.

Өз кезегинде Финляндиянын президенти Саули Ниинистё өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын ырастады.

Мындан тышкары, Саули Ниинистё эки өлкө ортосундагы экономикалык жана ишкер мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы менен кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өлкө лидерлери аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча да пикир алмашты.

Тараптар эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабастан, Кыргызстан менен Финляндиянын мындан аркы кызматташуусу үчүн байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий