• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын: Облус башчысы селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн кабар алып, акчалай колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Бүгүн, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарындагы селдин кесепетинен жабыркаган үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Үйлөрү жараксыз абалга келген беш үй-бүлөгө күнүмдүк керектөөсүнө жумшасын деп 5 миң сомдон акчалай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Үй ээлери менен жолугушуу учурунда облус жетекчиси бул маселени өкмөткө билдирип келгенин, учурда демөөрчүлөрдү издөө аракеттери көрүлүп жатканын жана бир демөөрчү табылганын билдирди. Үй ээлери да колдон келишинче аракет кылып күзгө чейин турак-жайларды тургузуп алуу зарылдыгын белгиледи.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Нарын шаарында мөндүр аралаш катуу жааган жаандын кесепетинен сел каптап, анын кесепетинен 114 үй жабыр тарткан. Алардын ичинде 5 үй таптакыр жараксыз абалга келип, 58 үйдүн ичине суу кирген. Мындан сырткары, 51 үйдүн короо-жайын суу каптап, көчөлөргө, арыктарга агындылар толуп калган.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында ыкчам аракеттер көрүлүп, облус жетекчиси тарабынан Жарандык коргонуу комиссиясынын чукул штабы өткөрүлүп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Анын негизинде ыйгарым укуктуу өкүл баш болгон кызматкерлер ыкчам аракеттерди көрүп, түнү менен селдин кесепеттерин жоюу аракеттерин көрүштү.

Нарын шаардык мэриясынын, шаардын коомчулугунун жардамы менен турак-жайлары жабыр тарткан жарандарга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүүдө.

Жакынкы күндөрдө сел каптаган көчөлөргө кум-шагыл төктүрүлүп берилээри пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий