• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облустук милициясында онлайн кеңешме өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кечээ, 28-февралда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында начальник Алмазбек Жумабековдун катышуусу менен шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда 2022-жылдын 1-чейрегин ийгиликтүү жабуу максатында Нарын облустук ички иштер органдары тарабынан аткарылып жаткан иштердин абалы жөнүндө жана Нарын ОИИБдин ыкчам кеңешмесинин 2022-жылдын 2-жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш-мерчемине ылайык, февраль айына белгиленген 2 маселе каралды.

Ошондой эле КР президенти Садыр Жапаровдун "КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча" жарлыгын калктын аярлуу катмарына, жер-жерлердеги жергиликтүү жашоочуларга туура түшүндүрүү менен жеткирилишин жана тиешелүү органдар менен бирдикте иш алып баруусу боюнча бөлүм башчыларына тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Нарын облусунун аймагында 2022-жылдын кыш мезгилинде жол кыймылынын катышуучуларына жолдо коопсуз жүрүү шарттарын түзүү максатында жер-жерлердеги жол тейлөө, коммуналдык чарба мекемесинин жана айыл башчылары менен жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго иликтөө иштерин аткарууну жана унаа жолдо аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү кызматтарга сунуштарды берүү алардын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы тууралуу баяндама берилди.

COVID-19 илдетинин ИИОнун кызматкерлери арасында жайылуусунун алдын алуу, ошондой эле кызматкерлерге сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында дары-дармек жана коргонуучу каражаттары менен толук кандуу камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы айтылды.

Кеңешменин соңунда кетирилген кемчиликтерди жоюу, ар бир арыз-даттанууларды тыкыр көзөмөлгө алуу, элге сылык мамиле кылуу менен сервистик тейлөөлөрдү күчөтүү элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу жана профилактикалык иштерди байма-бай өткөрүү керектиги баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий