• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Бүгүн,12-мартта Жалал-Абад шаарында “Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына” карата “Жашыл мурас” бак тигүү өнөктүгү өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, мугалимдер катышты.

Акциянын алкагында Жалал-Абад шаарындагы З.Жамашев жана Р.Азимов көчөлөрүнө 100гө чукул арча көчөтү тигилди. Алдыда “Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына” карата бак-дарактарды отургузуу иши улантылат. Жалпысынан 2022-жылы Жалал-Абад шаарында 30 миң даана туя брабант, 5 миң даана павловния жана миңден ашуун башка бак-дарактардын көчөтүн отургузуу пландалган.

Белгилей кетсек, КР президенти Садыр Жапаров “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын” алкагында бүгүн, 12-мартта "Ала-арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп, "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштады. Аталган өнөктүк өлкөнүн бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий