• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында катуу шамал катталды. Мэр жабыркаган имараттарды кыдырып, жашоочулар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 10.05.22 /Кабар/. Бүгүн, 10-майда катуу шамалдын кесепетинен Нарын шаарынын аймагында бактар кулап, имараттар жабыркаган, ошондой эле зым тиректери кулап, чубалгылар үзүлгөн. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин жетектөөсүндөгү жарандык коргонуу комиссиясы шаар аймагын кыдырып, шамалдан улам жаралган кырдаалдын кесепеттерин жоюу аракетин көрүүдө.

Шаар жетекчиси тийиштүү кызмат башчылары менен катуу шамалдан жапа чеккен имараттарды кыдырып, жашоочулар менен жолукту.

Кулаган бактарды тазалап, электр жарыгын калыбына келтирип, келген чыгымдарды тактап, сел каптоо коркунучу бар аймактарды көзөмөлдөө тапшырмасын берди.

"Учурда шаардын борбордук чөлкөмүндө электр жарыгы күйгүзүлдү", - деп белгилешти мэриядан.

Жаап жаткан жамгырдан улам тоскоолдукар келип чыгууда. Бирок буга карабастан тийиштүү иштер түнү менен аткарылып жаткандыгын шаардык электр ишканасынын башчысы Медер Курманалиев маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий