• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын тоолоруна 5,2 миң түп карагай көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Нарын токой чарбасынын аймагындагы Желе-Карагай тилкесинде 5 гектар жерге 5,2 миң түп кызыл карагайдын көчөтү отургузулду.

Токой чарбасынан билдиришкендей, акция “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарага Нарын токой чарбасынын жана “Студенттер жашыл экономика үчүн” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий