• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында бажы кызматкерлерине курулган кызматтык үй пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда Нарын шаарында бажы кызматкерлерине мамлекет тарабынан курулуп берилген кызматтык үйдүн ачылыш аземи болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4 кабаттуу 32 батирлүү турак үйдүн курулушу 2021-жылы декабрь айында башталган. Жалпы сметалык баасы 97,3 млн сомду түзүп, курулуш ишин “Мерибелл Текстиль Инсаат” ЖЧКсы жүргүзгөн.

Турак-жайдын ачылыш аземинде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков куттук айтып, үйлөрдун ачкычтарын тапшырышты.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов өз сөзүндө бажы кызматкерлеринин кызматтык ак өргөөсу акжолтой болуусун тилек кылды. Ошондой эле Президентибиздин аракети менен мамлекеттик кызматкерлерге бардык социалдык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Акыркы жылдары бажы кызматы камсыз кылган жыйымдардын көлөмү эселеп өсүп жатканын, "Торугарт" көзөмөл өткөрүү пунктун модернизациялоо, 7 сааттык иштөө режими 12 саатка, кийинчерээк 24 саатка жеткирүү, "Торугарт 2" пунктун ишке киргизүү аракеттери жүрүп жатканын белгилөө менен бажы кызматы мындан ары да мамлекеттин бюджетин толтуруу иштерин күчөтө берүүсү зарылдыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий