• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ниязалиев Италиянын элчиси Марко Альбертиден ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-ноябрында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Нур-Султан шаарындагы резиденциясы менен Италиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Марко Альбертинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырууга байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, М. Альбертини кызматка дайындалышы менен Н.Ниязалиев куттуктап, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган элчинин жигердүү ишмердүүлүгүнөишенимин билдирди.

Конкреттүү багыттар боюнча кызматташууну бекемдөө максатында тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, тактап айтканда, Нуран Ниязалиев менен Марко Альберти тараптардын кароосундагы эл аралык келишимдердин долбоорлорун мүмкүн болушунча тезирээк макулдашуунун зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстан менен Италиянын тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын 2021-жылдын 9-ноябрында Рим шаарында болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү дагы тастыкталды.

Министрдин биринчи орун басары Кыргызстандын рыногуна италиялык инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин билдирип, бул контекстте тараптар, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы үлгү болгон, 2021-жылдын 21-24-ноябрында Бишкек шаарында болуп өткөн кыргыз-италиялык бизнес-форумду канааттануу менен белгилешти.

Жолугушууда эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды. Тактап айтканда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын «2022-жылды - Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо жөнүндө» резолюциясынын долбоорун илгерилетүү боюнча кыргыз тараптын демилгеси белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Италиянын элчисинин дипломатиялык ишмердүүлүгүнө туруктуу колдоо көрсөтүлүп тураарын Н. Ниязалиев белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий