• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новиков: Аймактык жана эл аралык жолдорду тейлеген кызматтар күнү-түнү иштөөсү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Аймактык жана эл аралык автожолдорду тейлөөгө тартылган бардык кызматтарды күнү-түнү иштөөгө өткөрүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыш мезгилинде жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жыйында билдиргендигин, өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

«Аба ырайы кескин начарлап кеткенин көрүп жатабыз. Бул өзгөчө кооптуу делген жолдорго жана ашууларга таасирин тийгизет. Жолдордогу унаалардын тыгынын алдын алуу үчүн биз бардык чараларды көрүшүбүз керек. Бул үчүн бардык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө тийиш. Бардык аймактар, айрыкча эң кооптуу жерлер кар көчкүлөрүнөн өз убагында тазаланууга тийиш», - деди Артем Новиков.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, инерттик материалдар менен күйүүчү жана майлоочу май жетиштүү. Каттамдарды тазалоо үчүн атайын техникалар жетишсиз. Бул маселе учурда чечилүүдө. Жалпысынан кыш мезгилине даярдыктын көрсөткүчү 80% түзөт.

«Унаалардын кыймылынын токтошу өлкөнүн экономикалык компонентине таасир этет. Бул азыркы шартта өзгөчө актуалдуу. Биз буга жол бере албайбыз. Ошондуктан ар бир мамлекеттик орган өз ишин максималдуу түрдө жогорку деңгээлде аткарууга тийиш. Кырдаалдын начарлап кетишине жол бербешибиз зарыл», - деди Премьер-министрдин м.а.

Жыйындан соңунда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Транспорт жана жолдор министрлигине жеңил жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына каттамдарда, айрыкча кооптуу тилкелерде коопсуздук чараларын сактоо, кышкы дөңгөлөктөрдү салуу жана чынжырчаларды алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ички иштер министрлигине зарылдыкка жараша ашуулардагы жолдорду тосуу графигин камсыз кылуу тапшырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жылынуучу түйүндөрүн, ошондой эле эл аралык маанидеги унаа жолдорунун кооптуу участокторунун жанында медициналык жардам көрсөтүү пункттарын уюштуруу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий