• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новосибирсктеги Башкы консулдук кыргыз жарандарына айдоочулук күбөлүктөрүн бере баштады

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-февралынан тарта Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Кыргызстандын жарандарына консулдук мекеме аркылуу даярдалган биринчи улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштады. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Консулдук округда (Новосибирск, Кемерово, Омск, Томск облустары, Алтай аймагы жана Алтай Республикасы) жүргөн Кыргызстандын жарандарына улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн документтерди Башкы консулдук 2022-жылдын 17-январдан тарта кабыл ала баштады. Новосибирсктеги консулдукка Бишкекте жасалган алгачкы айдоочулук күбөлүктөр 19-февралдан баштап келе баштады.

Алгачкы жолу өз мекенинен алыстап жаңы улуттук айдоочулук күбөлүк алган мекендештер Кыргызстандын өлкө жетекчилигине жана мамлекеттик органдарына чын дилинен ыраазычылыктарын билдиришти.

Аталган консулдук кызматты киргизүү КР президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №4 «Миграциялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү жана чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттерде туруусун жеңилдетүү максатында ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий