• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Май айында калк үчүн жаратылыш газы 18 тыйынга арзандаган

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Май айында Кыргызстандын калкы үчүн жаратылыш газынын баасы өткөн айга салыштырмалуу 18 тыйынга арзандаган. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, май айында республиканын калкы үчүн көгүлтүр оттун баасы – 1 кубометр үчүн 14,19 сомду түзгөн (өткөн айда – 14,37 сом), өнөр жай ишканалары үчүн – 17,42 сом, салыктарды эске албаганда – 17,26 сом болгон.

2017-жылдын 1-майына карата доллардын расмий курсу 67,50 сом/доллар түздү.

КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 15-июнундагы “Калк үчүн жаратылыш газына болгон баа жөнүндө”, “Өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн жаратылыш газына болгон баа жөнүндө” буйругуна ылайык, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы ай сайын КР Улуттук банкы тарабынан белгиленген доллардын сомго карата расмий курсуна карата кайра эсептөө жүргүзүүсү керек.

Пикир

Оставить комментарий