• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүдөн каза болгондорду ордунан туруу менен эскеришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан каза болгондордун жакындарына көӊүл айтып, алардын аза кайгысын теӊ бөлүшө турганын билдирди.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Ч.Турсунбеков: «Биз тарбигый кырсыктын кесепетин жеринен көрүп келдик. Өкмөткө жана жергиликтүү бийлик жетекчилерине кырсыктын кесепетин жоюу, каза болгон жарандардын жакындарына жакындан жамдам берүү боюнча тапшырмалар берилди. Анын аткарылышы парламенттин көзөмөлүндө болот», - деп белгиледи.

Эске салсак, 29-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Аюу айылында жер көчкү жүргөн. Табигый кырсыктын кесепетинен 11 кыйрап, анын натыйжасында 24 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий