• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Салык кодексинин жаңы долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров: "Салык кодекси заманбап экономикалык шарттарга ыңгайлаштырылып, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнү андан ары жакшыртуу, ишкердик ишти алып баруунун бирдей шарттарын түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу багытында даярдалган”, – деди.

Талкуу маалында өлкөдөгү экономикалык абалга жана салык тармагына тиешелүү бир катар маселелер көтөрүлдү.

Алсак депутат Дастан Бекешев Салык кызматынын өкүлүнө кайрылып: “1-январдан баштап аталган кодекс күчүнө кирсе, тиешелүү мыйзамдарды даярдоого жетишесиңерби?”, – деген суроо койду.

Ал эми Салык кызматынын өкүлү бардык иштер убагында бүткөрүлөрүн билдирди.

Ошондой эле депутат Осмон Турдумамбетов салык кызматкерлери орточо канча айлык маяна алаарын кызыкты. Тиешелүү өкүл салык кызматкерлери орточо 12 миңден 20 миңге чейин маяна алаарын кошумчалады.

Депутат Дастанбек Жумабеков: “Интернет тартпаган айылдарда кассалык аппараттарды иштетүү кыйынчылык туудурбаш керек. Андыктан техникалык регламентти так иштеп чыгып, ишкерлерге оорчулук жаратпаган жагдай каралышы шарт”, – деди.

Мындан тышкары, жыйында депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштарды эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлүп, жыйынтыгында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий