• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто милиция кызматкерлери 8 миң сом уурдоого шектүү жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Токмоктук милиция кызматкерлери 8 миң сом уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Токмок шаардык милициясына 19-декабрда 28 жаштагы И.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаасынын терезесин белгисиз бирөө сындырып, унаадан 8 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 31 жаштагы У.Е. аттуу жаран кармалган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий