• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Өзгөндөгү айдоо аянттарын суу менен камсыздоо боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.08.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Өзгөн районундагы иш сапарынын алкагында Жаман-Адыр участогундагы 719 га жерди суу менен камсыздоо иши менен таанышты.

Алсак, Жаман-Адыр участкасында жалпысынан 1425,9 га жер аянты бар. Анын ичинен 130,8 га аянты калктуу конуш, калган аянты айыл чарба багытында колдонулат. Андыктан, айдоо аянттарын суу менен камсыздоо багытында президенттин фондунан 100 млн сом бөлүнгөн. Азыркы тапта аталган каражатка Жаман-Адыр участкасында 12 чакырымдай канал жасалып, эскилери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Эки этапта жүргүзүлүп жаткан иштер 2024-жылы толугу менен аяктаса Куршаб, Кароол жана Кызыл-Октябрь айыл аймактарындагы 719 га жер суу менен камсыздалат.

Төрага Нурланбек Шакиев жылдан-жылга сууга болгон муктаждык арта берерин белгилеп: “Сууну сарамжалдуу, коромжусуз пайдалануу үчүн жаңы технологияларды колдонуп, суу топтоочу жайларды, каналдарды куруубуз кажет. Биз ошондо жаңы жерлерди өздөштүрүп, айдоо аянттарын көбөйтүү менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз”, – деди.

Муну менен катар 1990-жылдары эле пландалып, бирок эми ишке ашырылып жаткан долбоорду президент өзү колдоого алганын айткан төрага: “Андыктан, ишти сапаттуу бүткөрүп, каналды белгиленген мөөнөтүндө пайдаланууга берүү зарыл”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда Кызыл-Октябрь айылынын тургундары узак жылдардан бери ишке ашпай келе жаткан долбоорду колдоп, саясий чечим кабыл алган мамлекет башчысына жана парламент депутаттарына ыраазычылык билдиришти. Андан тышкары, Жаман-Адыр участогун толук суу менен камсыздоо максатында долбоордун экинчи этабын да тездетип бүткөрүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Данияр Төлөнов, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Мырзабек Жыпаркулов баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий