• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таластын Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Айрым айыл-райондордун аталыштарын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору парламентте үч окуудан өттү.

Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Алсак, аталган мыйзам долбоору аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы жана Талас облусунун Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда.

Андан тышкары, жыйында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда талкууланды

Эскерте кетсек, сунушталган долбоор “КР географиялык аталыштар жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү”, “КР айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарды КР конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий