• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маммүлктү башкаруу фонду бардык мамлекеттик мүлктүн инвентаризациясын жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өлкөнүн бардык энергокомпанияларынын инвентаризациясын жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, негизги каражаттарды аныктоо бөлүгүндө маалымат бар.

“Экинчи этап – 2019-жылдын март айына чейин бул мүлктү кайра баалоону жүргүзүү”, - деди ал.

Түлөбердиев энергокомпаниялардан тышкары фонд бардык мамлекеттик мүлктүн инвентаризациясы жүрүп жатканын кошумчалады.

“Негизги каражаттар боюнча жумуш бүттү. Биз курулуштардын, имараттардын жана башкалардын санын билебиз. Азыр актуалдаштыруу жана кайра баалоо жүрүп жатат”, - деди ал.

Түлөбердиев кийинки этапты жер ресурстарын инвентаризациялоо деп атады. Анда канча ресурс жердин алдында, канчасы үстүндө экени эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий