• 88.68
  • 95
  • 0.95

Октябрь окуяларында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө Бишкектен батир берилет – Эрбол Султанбаев

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Октябрь окуяларында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакын арада Бишкек шаарынын батир берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook`тагы жеке баракчасына жазды.

“Садыр Жапаров тарабынан 2020-жылы октябрь-ноябрь айларында эле тиешелүү тапшырма берилген. Бирок, борбор калаанын мэриясынын айрым аткаминерлеринин жоопкерчиликсиздигинен улам маселе өз убагында чечилбей калган.

Аталган маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө, каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакын арада Бишкектен батир берилет”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий