• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Заманбап спорттук жайлардын ачылышы спортту өнүктүрөт

Коом 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Заманбап талаптарга жооп берген спорттук объекттердин ачылышы кыргыз спортту өнүктүрөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы спорттук-ок атуу комплексинин жана сейил бактын ачылышында билдирди.

Машыгуулардын, мелдештердин бардык эрежелери Эл аралык спорттук ок атуу федерациясы жана Практикалык ок атуу боюнча эл аралык конфедерациясы тарабынан сакталат жана координацияланат.

Премьер-министрдин айтымында, мындай спорт аянтчаларында болочоктогу спорт чеберлери жана олимпиада чемпиондору тарбияланууга тийиш.

Ал Кыргыз Республикасынын ок атуу спортунун өткөн мезгилдеги атак-даңкын эске салды. Биринчи кезекте бул олимпиада чемпиону Александр Мелентьев менен байланыштуу. Өкмөт башчы Ок атуу федерациясынын комплексти ачуу аракеттерин колдогон меценаттарга ыраазычылык билдирди.

Андан соң Премьер-министр борбор калаанын түштүгүндө жайгашкан жаңы сейил бактын ачылышына катышып, анын аймагын көрүп чакты.

Пикир

Оставить комментарий