• 88.68
  • 95
  • 0.95

28-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 28-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында +6...+11, Нарын облусунда -7...-12 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +6...+8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий