• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эми "Мой свет" тиркемеси аркылуу мүмкүн болгон өчүрүүлөр тууралуу биле алабыз

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. "Мой свет" мобилдик тиркемеси төрт маселе боюнча абонеттерге билдирүү берүү менен толукталды.

"Кыргызстан улуттук электр тармактар" ишканасынан билдиришкендей, алар:

- төлөбөгөндүгү үчүн электрэнергиясы өчүрүлгөндө (абонентте акылдуу эсептегич орнотулган болсо);

- аткарылып жаткан иштердин дарегин, күнүн жана убактысын көрсөтүү менен пландуу өчүрүүлөр жөнүндө;

- электрэнергиясы үчүн онлайн эсеп-квитанция келүү жөнүндө;

- электрэнергиясы үчүн карыздын же ашыкча төлөөнүн бар экендиги жөнүндө;

Белгилей кетсек, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын абоненттери өчүрүүлөр, баланс жана "Мой свет" тууралуу маалыматтарды компаниянын расмий www.nesk.kg сайтынан да көрө алышат.

Пикир

Оставить комментарий