• 88.68
  • 95
  • 0.95

17-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, 16-апрелдеги туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

18-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 222-250-чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чак. (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең, 17-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22, Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 жана Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22 градус ысыйт.

Бишкекте 17-апрелде түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 18…20 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий