• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда жарык дүйнөгө келген памирлик ымыркайдын ысымын Алмазбек коюшту

Коом 0


Бишкек, 24.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстанда төрөлгөн биринчи памирлик ымыркайдын ата-энеси ага КР президентинин урматына Алмазбек деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

Вице-премьер бүгүн кайрадан 21-октябрда көз жарган Памирлик келин Жанбүбү Маматзайым кызынан кабар алды. Султанбекова эне баланын абалы менен таанышты. Дарыгерлер, учурда экөөнүн тең саламаттыгы туруктуу экендигин айтышты.

“Бүгүн абдан кубанычтуу күн, анткени, ата-энеси ымыркайга ысым коюшту. Алар аны президенттин урматына Алмазбек деп аташты. Биз буга абдан кубанычтабыз, анткени президенттин башкаруу мезгилинде Улуу жана Кичи Памирден этникалык кыргыздар Нарынга көчүрүп келди”,-деди ал.

Ал ошондой эле, Жанбүбү Маматзайым кызына жана ымыркайга бекем ден соолук каалады.

Эске сала кетсек, 11-октябрда Кыргызстанга Улуу жана Кичи Памирден 33 этникалык кыргыз Нарынга келген, алардын арасында кош бойлуу Жанбүбү Маматзайым кызы болгон. Ал көз жарып, эркек төрөдү.

Пикир

Оставить комментарий