• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 2,9%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2023- жылдын январь-июлунда 563 млрд. жакын сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9%га жогору.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,1%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,6% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53,4%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,1 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 27,6% түзүп, 3,5 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайыздык пунктка, айыл чарбасы 1,2 пайыздык пунктка жана курулушта 0,2 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий