• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл 4 миң 339 гектар жер трансформацияланды – Мырзаев

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын 11 ай ичинде өлкө аймагында 4 миң 339 гектар жер трансформацияланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде жерди трансформациялоо боюнча жалпы 94 иш кагазы келип түшкөн.

“Анын ичинен 38и боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 43 иш кагазы толук даярдалбагандыктан кайра мамлекеттик администрациялардын кароосуна жиберилген. Ошондой эле 13 иш кагазы учурда каралууда”, - дейт ал.

Мырзаев белгилегендей, отчеттук мезгилде министрлер кабинетинин 38 токтому кабыл алынып, алар боюнча 4 миң 339,45 гектар жер трансформацияланган.

“Алардын ичинен “Калктуу конуштардын жерлери” категориясы боюнча 4 миң 21 гектар жер жеке турак жайларды курууга берилген. Анын 3 миң 143 гектары Асман шаарын куруу, 878 гектары жеке турак-жай куруу үчүн которулган. Мындан сырткары, 9,09 гектар жер линияларын куруу, 20,78 гектар жер стадионду куруу, 79 гектар ГЭС куруу, 130,39 гектар жер өнөр жай үчүн жана 79,09 гектар жер логистикалык борборлор үчүн берилген”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий