• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ооганстан: ИМ жоочулары Тажикстан чек арасына жакын аймактарга топтолууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. «Ислам мамлекети» террордук тобу Ооганстандын түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында, анын ичинде Тажикстан чек арасына жакын жерлерде жаңы машыгуу базаларын түзүүдө. Бул тууралуу 23-декабрда Ооганстан Коргоо министрлигинин генералы Алимухаммад Ахмадзай билдирди.

«Учурда Бадахшан, Фарьяб жана Жүзжан провинцияларында ИМ тобунун жоочуларынын топтолуп жатканы байкалууда. Ал жактарда согушкерлер чет өлкөлүк «кеңешчилердин» жетекчилиги алдында машыгып жатышат. Өкмөттүк күчтөр эл аралык коалиция менен биргеликте аларга каршы бир нече жолу абадан чабуул жасады, бирок жок кыла алышкан жок», — деп билдирди Ахмадзай.

Буга чейин ооган ИИМи өкмөттүк күчтөр менен эл аралык коалициянын өлкө түндүгүндөгү операциясынын жыйынтыгында ИМ тобу кыйла алсыраганын билдирген. Ооган эксперттеринин айтымдарында, акыркы айларда жоочулар тактикасын өзгөртүп, өкмөттүк күчтөр менен ачык согушка барбоого аракет кыла башташты.

Бир нече күн мурда орус президенти Владимир Путин Ооганстандагы абал жөнгө салынмайынча, Орусия Тажикстандагы аскер базасын бекемдей бере турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий