• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Дарак ыры" кыргыз мюзикли Америкадагы кинофестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 24.12.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Режиссер Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” кыргыз мюзикли Палм-Спрингсте өтүүчү 30-мааракелик эл аралык кинофестивалдын “World cinema now” программасында катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аталган фестиваль 2019-жылдын 3-14-январь күндөрү Палм Спрингсте өтөт (Калифорния штаты, АКШ).

Бул жылы кинофестивалга 78 өлкөдөн 200дөн ашык тасма катышууда. Жыл сайын ага 135 миң көрүүчү топтолот. Кинофестиваль 1990-жылы негизделген.

Белгилей кетсек, “Дарак ыры” тасмасы ушул жылы чыгып, бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышып келет. Жакында эле британиялык башкы кино басылмалардын бири аны Таллиндеги кинофестивалдын 10 мыкты тасмасынын катарына кошту.

Пикир

Оставить комментарий