• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оренбургдан автобустар менен 1 миң 563 кыргызстандык кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-августа Кыргызстанга Россиянын Оренбург облусунан Казакстандын аймагы аркылуу экинчи колоннада 25 автобус менен 1 миң 563 КР жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, күн мурун 29 автобус менен 1 миң 715 Кыргызстандын жараны кайтып келгендиги кабарланган.

Аталган иш-чаралар биздин жарандарды чыгарып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргызстан жана Казакстандын тышкы саясый ведомстволорунун РФтин Оренбург облусунда жүргөн КР жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган.

ТИМ РФнын аймагындагы КР жарандарын Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы тарапка анын ачылышына чейин өтпөй турууга чакырат.

Белгилей кетсек, 27-августан тарта жарандар авиабилеттерди авиакассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарында аралыктан сатып ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий