• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош аэропортунда металл куймаларын мыйзамсыз алып келген чет өлкөлүк жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 23.09.07. /Кабар/. Ош шаарынын аэропортунда металл куймаларын мыйзамсыз түрдө алып келүү аракетине бөгөт коюлду

Кыргызстандын жана ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча чараларды көрүүдө, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери, УКМКнын 6-башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкташты.

Ошентип, 31-августта "Аэропорт-Ош" алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын аймагында, Ош - Стамбул каттамында бара жаткан жарандардын жүктөрүн бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө Т.С.А. аттуу Өзбекстандын жаранынын жүгүнөн декларацияланбаган 9 даана сары түстөгү металл куймалары табылып, алынган. Анын жалпы салмагы 848 граммды түзгөн.

Аталган факты каттоого алынып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарынын чегинде кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий