• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда жалпы 338 балага президенттин белектери берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Ош облусунда майыптыгы бар жана окууда ийгиликтерге жетишкен 338 балага президенттин белектери берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы жылдык майрамга карата өлкө башчыга кат жазган Ош облусундагы үч окуучуга белектер берилди. Президенттин белегин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тапшырды.

Ош облусунан президентин белегин алган окуучулар:

1. Элмырза Абдимиталипов- Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы А. Таңгатаров орто мектебинин 6-классынын окуучусу

2. Таңсулуу Жеңишбекова-Ош облусу, Ноокат району,4-класстын окуучусу

3. Токтомуратов Барсбек Айбекович- Ош шаары, Жапалак айылы, 3-класстын окуучусу

Мындан сырткары, Ош облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына, ден соолугунан мүмкүнчүлү чектелген жана окуудагы ийгиликке жетишкен 338 окуучуга президенттин белектери берилди.

Пикир

Оставить комментарий