• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында банктын мыйзамсыз филиалы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн “Келечек” кичи базарынын жанындагы Навои жана Масалиев көчөлөрүндөгү тротуардагы мыйзамсыз соода объектилерин алуу боюнча рейддер жүргүзүлдү.

Шаардык мэриядан кабарлашкандай, ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Сталбек Төрөбек уулу, мэриянын жана тиешелүү бөлүмдөрдүн, Курманжан-Датка МАБынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери чыгышты.

Рейддин алкагында тротуарга чыккан соодагерлерге чачкынды соода түйүндөрүнүн пайда болушуна жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга чейин алардын баарына тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Ошондой эле, жарнамалык объектилер менен иш жүргүзүлүп, банктын мыйзамсыз филиалы аныкталып, кызматкерлерине объектти мыйзамдаштыруу боюнча талаптар коюлду.

Рейддик иш-чаралардын алкагында жалпысынан 15тен ашык соода объектилери алынды.

Ош шаардык мэриянын сындай мыйзамсыз иштер менен күрөшүү улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий