• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Ош шаарындагы мечиттерди массалык түрдө дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.

Ош мэриясынын маалыматына караганда, бул иш шаардагы 80 мечиттин баарында жүргүзүлөт. Учурда жума намазы окулган 41 мечитте жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Жумушту санитарды көзөмөлдөө борборунун атайын адистери, дезинфекциялык станциянын жана казыяттын менен биргеликте жүргүзүшөт. Мечиттерди дезинфекциялоо жума сайын жума намазга чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий