• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто адам өлтүрүүгө шектелип үч аял кармалды

Аймак 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Ош шаарында акыркы беш күн аралыгында 3 аял адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бүгүнкү күндө шектүүлөрдүн үстүнөн сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

17-апрель күнү 41 жаштагы аял күйөөсү менен чырдаша кетип, көкүрөгүнө отвертка менен сайып алган. Натыйжада жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Чатактын себеби күйөөсүнүн аялын үйүндө иштеп жаткан устадан кызгануусу болгон.

Ал эми 19-апрель күнү 45 жаштагы аял өз апасын бычактап өлтүрүп салган. Маалыматка ылайык, экөөнүн ортосундагы чатак акчанын айынан улам келип чыккан.

Ош шаарына караштуу Учар айылынын үстүндө жайгашкан дачалардын биринен 22-апрель күнү «Мамат» аттуу адамдын өлүгү табылган. Аны бычак менен сайып өлтүргөн аял, ошол дачанын ээси, 41 жаштагы аял милиция тарабынан кармалды.

Шектүү аял «ал мени зордуктоого аракет жасады» деп түшүндүрүп жатат.

Бардык кылмыштар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий