• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто алыш күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Ош шаарында эркектер жана кыз-келиндер арасында эркин жана классикалык түрүндө алыш күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 10-12-февраль аралыгында “Алыш” спорт комплексинде өтүүдө. Анда өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан болуп 200дөн ашык спортчу күч сынашууда.

Чемпионат 18 жаш жана андан жогору курактагылар арасында төмөнкү салмак ченинде өтүүдө:
– Эркектер арасында 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;
– Кыз-келиндер арасында 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Пикир

Оставить комментарий