• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто кичи жана чоң ишканалардын иштөө тартиби жөнгө салынган, учурда алар өз иштерин улантууда - комендант

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Ош облусунда жана Ош шаарында жайгашкан кичи жана чоң ишканалар буга чейин эле жөнгө салынган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, ишканалар санитардык-карантиндик талаптарды сактоо менен иштеп жатат.

"Ишканаларда иштеген кызматкерлер вахталык тартипте, тактап айтканда, 15 күн иштеп жатышат. 15 күндөн кийин текшерүүдөн өтөт. Кызматкерлер иштеп жаткан жерде түнөп иштөөдө", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий