• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ошто куткаруучу жаңы дезинфекция системасын ойлоп тапты

Аймак 0


Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Ошто куткаруучу жаңы дезинфекция системасын ойлоп тапты.

КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрликтин Ош шаары боюнча башкармалыгынын 29-өртө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучусу, сержант Аяз Төрөмурзаев дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан коронавирус илдетинин өлкө аймагына жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында күн сайын дезинфекциялоо иштерине катышкан.

Аяз өзү жооптуу болгон санитардык блокпостко кызмат өтөп жаткан учурунда, жумушту жеңилдетип, убакытты сарамжалдап жана куткаруучулардын коопсуздугу үчүн дезинфекциялоочу система иштеп чыкты.

Учурда дезинфекциялоочу система Ош шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан "Арка" санитардык карантиндик постунда орнотулду.

Эскертке кетсек, аталган постто сутка ичинде кеминде 5 миңден ашуун автоунаа өтөт.

Пикир

Оставить комментарий